24.kg
17:37, 01 июня 2020, 24.kg

Кой-Таш окуясы. Адвокат ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди сотко чакырды

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү уланууда.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот Марат Сыдыков, жактоочунун ишти Аламүдүн райондук сотуна өткөрүп берүү өтүнүчүнөн баш тартты.

Адвокат Замир Жоошев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди суракка чакыруу өтүнүчү менен кайрылган. Анын тушүндүрмөсү боюнча, коргоочу тарап Кой-Таштагы окуяга байланыштуу суроолорго жооп берүүсүн талап кылат, себеби Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда атайын операцияны Кашкар Жунушалиев жетектеген.

Мындан тышкары, жактоочу Кой-Таш окуясы боюнча тергөө тобунун башчысы Эркебек Аширходжаевди да суракка чакырууну талап кылды.

«Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Эркебек Аширходжаев, Алмазбек Атамбаевди кармоо тапшырмасында «эмне үчүн Ички иштер министрлигинин өздүк куралдуу күчтөрү турганда УКМК аралашкан, анын кандай зарылчылыгы же негизи болгон?», — деген суроого жооп бериши керек», — дейт Замир Жоошев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бир нече кылмыш иштери боюнча айыпталууда. Алардын ичинен бири-2019-жылдын 7-8-августундагы болуп өткөн Кой-Таш окуясы болсо, экинчиси кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткондугуна байланыштуу. Учурда соттук-териштирүү иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18