24.kg
14:39, 01 июня 2020, 24.kg

COVID-19 вирусуна каршы фронт. Дарыгерлер жана ыктыярчылардын оор түйшүгү

118 ыкчам байланыш телефонунун ыктыярчылары жана мобилдик бригадаларынын дарыгерлеринин иши тууралуу «Вируска каршы фронт» кыска тасмасы тартылды. Бул боюнча «Сорос-Кыргызстан» фонду маалымдайт.

Белгилей кетсек, COVID-19 вирусун өз алдынча диагностикалоо боюнча 118 ыкчам байланыш номуру «Сорос-Кыргызстан» Фонду, КРнын Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Швейцариялык Элчиликтин MER долбоорунун биргелешкен аракетинде түзүлдү. Аны менен коронавирус жукту деп шектелген, же жуктуруп алган бейтаптарга даректүү түрдө ыкчам бригадаларды жөнөтүлүп, кырдаал жеңилдетилди.

«Кыргызстанга COVID-19 дарты жайылгандан бери өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы абдан чоң сыноого кабылды. Өмүрүн тобокелге салган дарыгерлер вируска каршы фронттун алдыңкы жоокерлери болушту. Ыкчам байланыш 118 телефонунун ыктыярчылары жана мобилдик бригадаларынын дарыгерлери кантип, кандай шарттарда иштеп жаткандары тууралуу кыска тасманы сиздерге тартуулайбыз. Алар өз балдарын, үй-бүлөлөрүн көрбөй, үйлөрүнө барбай, вируска каршы фронтто эмгектенип келе жатышат», — деп белгилейт фонд.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18