24.kg
14:24, 01 июня 2020, 24.kg

Бишкек-Торугарт унаа жолунда кырсыкта бир адам көз жумду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, төрт адам жабыр тартты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы бүгүн саат 00.13 чамасында Кубакы ашуусунда болгон.

«Mercedes Benz жана Toyota Highlander үлгүсүндө автоунаалар сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы төртөө жаракат алган. Авария болгон жайга ыкчам куткаруу тобу барып маркумду унаадан чыгарып алышты», — деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18