24.kg
14:10, 01 июня 2020, 24.kg

Армениянын премьер-министринен коронавирус аныкталды

Армениянын премьер-министри Никола Пашиняндан коронавирустун симптомдору аныкталды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу түз эфирде маалымдады.

Никола Пашиняндын өздүк баракчасындагы видео-кайрылуусунда: «Менде коронавируска шектүү эч кандай симптомдор байкалган эмес. Бирок, баары бир вируска каршы тест тапшырууну туура көрдүм. Тилекке каршы тесттин жыйынтыгы боюнча вирус аныкталды», — дейт.

Аны менен катар, өкмөт башчынын үйүндөгүлөрү да ооруп калган. Ал вирусту жолугушуу учурунда жуктуруп алгандыгын ырастайт.

«Столдун үстүнө суу койгон официанттын колунда кол кап жок болчу. Мен ага стаканды алмаштыруусун суранып, түшүндүргөм. Бирок, официант буга чейин да кол капсыз жүргөн. Бир нече убакыттан соң андан дагы коронавирус аныкталды», — дейт Армениянын өкмөт башчысы Никола Пашинян.

Армениялык премьер-министр дене табынын нормалдуу экендигин белгилеген. Ошондой эле ал өзүн-өзү изоляциялоо иретинде үйдөн иштей берүүсүн кошумчалайт.

Учурда Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда вируска чалдыккандардын саны 9 миң 282ге жетти. Аны ичинен 3 миң 386 бейтап айыгып, 131 адам көз жумган.

Эске сала кетсек, Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин да коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18