24.kg
12:59, 01 июня 2020, 24.kg

Депутат Балдардын укугун коргоо үчүн атайын кызмат түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко балдардын укугун коргоо үчүн атайын кызмат түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн бюджет жана финансы комитетинин балдардын укугун жөнгө салуучу мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү караган жыйында билдирди.

Балдардын укугун коргоо кызматын түзүү үчүн 204 миллион сом керектелет, ал эми алгачкы этабына 101 миллион сом сарпталат.

 Наталья Никитенко

«Айыл өкмөттөр начар иштешүүдө. Кара-Суу районундагы жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын көзөмөлдөөчү социалдык бир кызматкерге 58 миң бала туура келет. Бул албетте көптүк кылат. Ал эми шаардагы балакатка жете элек өспүрүмдөрдү көзөмөлдөгөн бир кызматкерге орточо эсеп менен 3 миң бала туура келет», — дейт Наталья Никитенко.

Ал кошумчалагандай, мигранттардын балдарын камкордукка алуу боюнча маселе дагы деле көйгөйлүү болуп турат. Ата-энеси чет өлкөгө кеткен балдардын кызыкчылыктарын коргоо иретинде алардын укугуна ишеним катты 6 айга узартуу сунушталат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18