24.kg
12:26, 01 июня 2020, 24.kg

Баткен облусунун тургундары Кубатбек Бороновго нааразы

Баткен облусунун жашоочулары биринчи вице-премьер-министрге нааразы болушууда. Кубатбек Боронов Баткенге чек ара маселеси менен барып эл менен жолуккан эмес. Бул тууралуу «Сейчас.kg» Telegram каналында видео тарады.

«Биздин жоокерлер чек ара менен элди коргоо үчүн эмес, көрсө биринчи вице-премьер-министри коргоо үчүн келишкен экен. Ошондой эле Кубатбек Боронов эл менен жолукпай туруп, элдин көйгөйүн укпастан Өзбекстандын министри менен жолугушууну мерчемдөөдө », - деп жазышат Баткен тургундары.

Буга чейин өкмөттүн аппарат кызматкери вице-премьер-министр кечээ эки өлкөнүн чектешкен айылдар аралык жаңжал чыккандыгына байланыштуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугаарын маалымдаган.

Эске сала кетсек, Баткендеги эки өлкөнүн жаңжалынан улам 25 жаран жабыр тартты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18