24.kg
12:06, 01 июня 2020, 24.kg

Биринчи май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтүп жатат

Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтүп жатат. Анда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулган. Алардын ичинде экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаева жана уулдары Кадырбек менен Сеид да бар.

Колдоо акциясынын катышуучулары Алмазбек Атамбаевди боштондукка чыгарууну талап кылышууда.

Бир нече саат мурдараак эле экс-президенттин жазалануусун талап кылган митинг болгону маалым.

Кадырбек Атамбаевдин айтымында, колдоо митингине келүүнү каалагандарга коопсуздук кызматкерлери тоскоолдук кылышууда.

Ал эми ӨКМ кызматкерлери атайын микрофон менен митингге топтолгондорду үйлөрүнө кайтууну эскертишүүдө.

Эске сала кетсек, «Мээр жазы» коомдук фондунун негиздөөчүсү Ыргалай Бекмуратова, Алмазбек Атамбаев Кыргызстан карызга батып, жем корлор менен тепселегени үчүн жоопко тартылуусу керек экендигин жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18