24.kg
11:19, 01 июня 2020, 24.kg

Кыргызстанда 10 балдар уюмуна 100 миң сомдон тапшырылды

1-июнь балдарды коргоо эл-аралык майрамына карата коммерциялык эмес 10 уюмга колдоо көрсөтүү иретинде мамлекеттик резервдик фонддон 100 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Бул туралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорудагы 10 уюм үй-бүлөдөгү кыйын кырдаалда аларга колдоо көрсөтүп келет. Ошондой эле балдарга билим берүү, социалдык жана калыбына келтирүү кызматын көрсөтүшөт:

— Зордук-зомбулуктан жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору;

— «Балдарды коргоо борбору» коомдук биримдиги;

— «Тянь-Шандын балдары» коомдук бирикмеси;

— «Ырайым» коомдук фонду;

— «Жылмаюу» коомдук фонду;

— «Эне-бала мээрими» коомдук фонду;

— «Теңир-Көлдө» майып балдарды коргоо коомдук биримдиги;

— «Ай-Мээри» коомдук биримдиги;

— «Ариет» мектепке чейинки даярдоочу билим берүү уюму (мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга);

— «Стимул- маалыматтык, консультативдик, демонстративдик борбору» коомдук фонду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18