11:18, 01 июня 2020, 24.kg
Чүйдө көлмөгө 19 жашар улан чөгүп кетти
Чүй облусунун Аламүдүн районунун ГЭС-5 айылында жайгашкан көлмөгө 19 жашар улан чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Алардын маалыматында, кырсык 31-майда болгон.
Куткаруучулар анын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
0