24.kg
10:40, 01 июня 2020, 24.kg

COVID-19. Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасы бейтаптарды кабыл ала баштайт

Бишкек шаарындагы жаны курулган Кыргыз-Түрк ооруканасын ачылат. Бул тууралуу бүгүн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, оорукана коронавирус менен ооругандарды кабыл алууга даярдалып жатат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык клиникасы карантинге жабылды. Анда иштеген 19 кызматкер вирус жуктурду. 

Кыргыз-Түрк ооруканасынын курулушу аяктаганы менен айрым келишпестиктерден улам ачылбай турган. Пандемия башталганда Түркия тарап Кыргызстанга колдонууга өткөрүп берди.

31-майда ооруканага жакын жашагандар анын коронавирус жуктургандарды кабыл алуусуна каршы чыгышкан. Саламаттыкты сактоо министрлиги коопсуздук чаралары сакталарын, айланага коркунучу жоктугун билдирди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18