24.kg
10:30, 01 июня 2020, 24.kg

Бишкекте Алмаз Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат

Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун мекемесинин алдында мурдакы президент Алмазбек Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат.

«Мээр жазы» фондунун негиздөөчүсү Ыргалай Бекмуратованын айтымында, Алмазбек Атамбаев мамалекетти башкаруу убагында жасаган кылмыштары үчүн жооп бериши керек.

«Алмазбек Атамбаевдин айынан өлкөбүз тышкы карыздарга белчесинен батып, өлкө казынасы таланып, жемкорлорго толду. Ошондой эле ал Кой-Таш окуясында каза болгон «Альфанын» жоокеринин өлүмү үчүн да жооп бериши керек», — дейт Ыргалай Бекмуратова.

Эске сала кетсек, бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү иши уланат. 2019-жылдын 8-9-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип, 14 адамга айып тагылып сотко жөнөтүлгөн.

Айыпталгандардын ичинен Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиевдин жана Кыяз Смаилов тергөө менен кызматташууга барып, тарапташтарына каршы көрсөтмө беришти. Үчөө тең учурда үй камагына чыгарылган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18