24.kg
09:27, 01 июня 2020, 24.kg

Исфанада офицер аскер кызматкерине кокустан ок атып алды. Ал жазадан бошотулат

Баткен райондук соту Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын № 30630 аскер бөлүмүнүн командирин жазадан бошотту. Бул тууралуу 24.kg сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, Н.К. аттуу жаран «Куралга этиятсыз колдонуу» беренеси боюнча айыпталууда. Ал аскер кызматкерине кокустан от чыгарып алган.

«Аскер бөлүгүнүн окуу полигонунда практикалык ок ​​атуу иштери жүрүп жаткан. Офицер өздүк курамга куралды кантип колдонуу керектигин көрсөтүп жатканда кокустан ок чыгып, келишим кызматкеринин мойнуна тийип, ден-соолугуна олуттуу зыян келтирилген. Сот мунапыс колдонуп, айыпталуучуну жазадан бошотту», — деп билдирди укук коргоо органдары.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18