24.kg
18:29, 07 апреля 2020, 24.kg

Урматтуу окурмандар! 24.kg агенттигинин кыргыз версиясы ишин убактылуу токтотот

Дүйнөдөгү COVID-19 вирусу менен күрөшкө Кыргызстан дагы тартылып, өлкөдө анын жайылышын токтотуу аракети көрүлүүдө. Бишкек жана Ош шаарларында, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым райондорунда өзгөчө абал тартиби киргизилди.

Буга байланыштуу шаардагы ишканалар ишин убактылуу токтотуп, айрымдары үйдөн иштөөгө, же иш күнүн кыскартууга өтүштү.

Кырдаалга байланыштуу 24.kg агенттиги кыргыз версиясынын ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Азыркы учурда ар бир жарандын саламаттыгы биринчи орунда. Өлкөдө абал турукташып, COVID-19 вирусу менен күрөш соңуна чыкканда биз сиздер менен кайрадан жолугушабыз.

Урматуу биздин окурмандар, сиздерди карантиндин эрежелерин так сактоого чакырабыз. Ден-соолугуңуздар чың болуп, оору-сыркоодон алыс болуңуздар!

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18