24.kg
11:55, 07 апреля 2020, 24.kg

Бишкекте вируска чалдыккан таксист өзүнүн үй-бүлөсүндөгү 6 адамга жуктурду

Бишкек шаарында коронавирус жуктуруп 25 адам ооруп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, 25 адам жакын туугандары болгон 66 адам менен жана бирге иштеген, дос-тааныштары болгон 204 адам менен байланышкан.

«Биринчи учур — бир үй-бүлөдө эле таксист болуп иштеген жаран коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүн — жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин — кошо ооруткан», — дейт мэр.

Дагы бир шаар тургуну 4 жакын тууганына ооруну жуктурган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18