24.kg
09:42, 07 апреля 2020, 24.kg

Лабораторияларда тоңдурулган анализдерди covid- 19га текшерүү башталды

Лабораторияларда тоңдурулган анализдерди covid- 19 га текшерүү башталды. Бул тууралуу саламатыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, Россия жана Беларусиядан Кыргызстанга тест-системалар келди.

«Бүгүнкү күндө биз 23,5 миң анализ жүргүзө алабыз. Лабораториялар тоңдурулган биоматериалдардын анализдерин өткөрүү үчүн үч кезметте иштөөгө өтөт», — деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин реагенттердин жоктугунан 8 миңдей анализдер тоңдурулуп, толук текшерилбей турганы айтылган. Алар анализдердин көпчүлүгү 17-мартта вирус аныкталган жарандар менен контактта болгондор.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18