24.kg
09:28, 07 апреля 2020, 24.kg

Ош облусунда дагы 12 жарандан COVID-19 вирусу аныкталды

Ош облусунда дагы 12 жарандан COVID-19 вирусу аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдимкаримов билдирди.

Анын айтымында, жуктургандардын үчөө эркек жана тогузу аял.

«Алардын баары Ош облусунда обсервацияда жайгашкан болчу», — дейт министр.

7-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 228 түздү. Бишкекте — 25, Жалал-Абад облусунда — 80, Ош облусунда — 86, Ош шаарында — 20, Баткен облусунда — 4, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 3, Чүй облусунда — 5 кишинен вирус аныкталды.

«Кечээ 23 кишиден вирус аныкталды. Бейтаптардын 10 оор абалда», — дейт Сабиржан Абдикаримов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18