24.kg
16:54, 06 апреля 2020, 24.kg

Тажик бийлиги Согди облусунун жашоочусу коронавирустан өлгөнүн четке кагууда

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги 31-мартта Согди облусунун 60 жаштагы тургуну пневмониядан өлгөнүн тастыктады.

Маалыматка караганда, бийлик Жаббор Расулов районунун борбордук ооруканасын карантинге жапты. Медперсонал жана өлгөн кишинин туугандары инфекциялык ооруканага жаткырылды. Алардан алынган алгачкы анализде коронавирустун белгилери чыккан эмес.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги бейтап коронавирустан эмес, пневмониядан өлгөнүн билдирүүдө. Бирок аны менен байланышта болгон медицина кызматкерлеринин дене табы көтөрүлүп жатат, абалдары дурус.

Согди облусундагы кишинин пневмониядан өлгөндүгү тууралуу билдирүүлөр соцтармактардын тажик сегментинде кызуу талкуу жаратууда. Колдонуучулардын көбү бийлик коронавирус боюнча маалыматты жашырууда деп эсептейт. Алар Тажикстандын райондорунда коронавируска тест тапшырылып жатканынан күмөн санашууда.

Бирок өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мындай айыптоолорду четке кагып, коронавируска шектелген 22 кишинин тесттери Лондонго жөнөтүлгөнүн, жыйынтык терс чыкканын маалымдады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18