24.kg
14:54, 06 апреля 2020, 24.kg

Өкмөт: Бейтаптарда COVID-19 инфекциясына каршы каражаттар жетиштүү

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) фонду азыркы учурда саламаттыкты сактоо уюмдарындагы коронавирус COVID-19 инфекциясына чалдыккан бейтаптарда вируска каршы каражаттар жетиштүү экенин билдирет. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

ММК фонду уюмдарга дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга, анын ичинде, жеке коргонуучу каражаттарына 266 миллион сом төлөп берди.

«Мындан сырткары, ММК фонду саламаттыкты сактоо уюмдарына керектүү дары-дармектерди жеткирип берүү боюнча иштерди алып барууда. Ошондой эле, дарылоо мекемелерине азыркы учурда дары каражаттарын тикелей келишим түзүү ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилет», — дейт ал.

Штаб атайын вируска каршы каражаттар дарыгерлердин комиссиясынын чечими менен оорусу өтүшүп кеткен бейтаптарга жана айрым учурларда, орто-оор абалдагыларга сунушталарын эскертет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18