24.kg
11:43, 06 апреля 2020, 24.kg

Каза болгон Ош шаарынын тургуну коронавирусту кайын эжесинен жуктуруп алган

COVID-19 илдетинен каза болгон Ош шаарынын тургуну вирусту кайын эжесинен жуктуруп алган. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Алардын айтымында, оорудан көз жумган жарандын жубайы эжеси менен бирге чет өлкөдөн келип, андан вирус аныкталган.

«Бирок  кайын эжеси өзүн жакшы сезип, анда оорунун белгилери да болгон эмес, ал эми жолдошу байланыштан кийин илдетке чалдыгып набыт болду. Башка үй-бүлө мүчөлөрүнөн дагы вирус аныкталды», — дейт штаб.

Штаб вирус жуктуруп алганына карабай карантиндик талаптарды сактабагандар өзүнүн айлана-чөйрөсүнө коркунуч алып келерин эскертет.

Белгилей кетсек, Аксы районунун тургуну андан вирус аныкталып, 14 күн карантинде жаткандыгына карабай, ооруну мойнуна албай, өзүнүн дени сак экендигин айтып элге кайрылуу жасаган. Ал эми Нарындын тургуну ооруканада жатса дагы аны дарылабай жатканын айтып эскерткен. 

Дарыгерлер, вируска каршы дары жоктугун. Инфекцияны жуктуруп алгандардын абалы оорлошкондо гана айрым антибиотиктер колдонорун белгилешет. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18