24.kg
11:23, 06 апреля 2020, 24.kg

Иш сапардан, тобокелчилик очокторунан келген аткаминерлерге гана тест жасалды

Иш сапардан, тобокелчилик очокторунан келген жана чек араны кесип өткөн аткаминерлерге гана экспресс-тест жасалды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Анын айтымында, президенттин, өкмөттүн, мэриянын аппараттарынын кызматкерлери жапырт коронавируска анализ тапшырган жок.

«Учурда мамлекеттик кызматкерлердин 20-30 пайызы гана иштеп жатат. Калгандары аралыктан иштөөдө. Экспресс-тесттер тобокелчилик очокторунан, командировкадан келген, чек араларды кесип өткөн адамдарга гана жасалды — биз аларды текшерүүгө милдеттүүбүз. Эгерде экспресс-тесттер тастыкталса, андан кийин ПЧР диагностика жасалат», — дейт министр.

Анын маалыматында, Кыргызстанда жалпы 76 миң экспресс-тест бар болчу, алардын ичинен 30 миӊи пайдаланылды

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18