24.kg
08:49, 06 апреля 2020, 24.kg

Түркмөнстанда азык-түлүк тартыштыгынан улам митингге чыккандарга ун таратылды

Түркмөнстанда азык-түлүк тартыштыгынан улам нааразылык акциясына чыккан жарандарга ун таратылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 3-апрелде ун жана өсүмдүк майынын тартыштыгынан улам нааразылык акциясына чыккан Мары шаарынын ондогон тургуну Ашхабадга бара турган жолду тосуп, андан соң акимчилик имаратынын алдына барышкан. Чогулгандар жергиликтүү бийлик ар бирине эки килограммдан ун бергенден кийин тарап кетишкен.

Түркмөнстанда үч жылдан бери азык-түлүк тартыш. Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр каатчылыкты ого бетер күчөттү. Илдеттин жайылышынан улам өлкөдө чек аралар жабылып, сырттан товар импорттоого тыюу салынган.

Түркмөнстанда коронавируска чалдыккандар каттала элек. Бийликтин көрсөтмөсү менен өлкөдө «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салынган.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18