24.kg
08:47, 06 апреля 2020, 24.kg

Улуттук банк пандемиянын кесепеттерин азайтуу үчүн банктарга насыя берет

Улуттук банк COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин азайтуу үчүн коммерциялык банктарга насыя берет.

Улуттук валюта менен бериле турган насыялардын пайыздык чени 5% түзөт. Банктар ал акчаны милдеттүү резервдик талаптарды, кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин жана Улуттук банктын экономикалык же башка нормативдерин аткаруу үчүн колдоно алышат.

Ошол эле маалда бул каражатты валюта базарындагы операцияларга жана мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга колдонууга болбойт. Банктар каражатты 30-июнга чейин ала алышат.

Коронавирустан улам Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилип, көптөгөн мекеме-ишканалар токтоп турат.

Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 147ге жетти. Алардын тогузу айыгып, экөө каза болду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18