24.kg
08:52, 04 апреля 2020, 24.kg

Казакстан Россия менен чек арасында калган кыргыз жарандарын өткөрбөй жатат

Казакстан Россия менен чек арасында калган кыргыз жарандарын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Кыргызстандын жүзгө жакын жараны россия-казакстан чек арасынын ачылышына чейин Соль-Илецктин мейманканаларына жайгаштырылды.

«Учурда 100гө жакын жаран Соль-Илецк ш. мейманканаларына жайгаштырылды, 3 үй-бүлө жубайлары Соль-Илецк ш. мусулмандар башкармалыгынын колдоосу менен жайгаштырылды, 15ге чукул айдоочу өз каалоосу менен автоунааларында калууда», — деп айтылат маалыматта.

Штабдын айтымында, буга чейин казак тарапка кыргыз жарандарына транзиттик өткөрмө уюштуруп берүү сунушталган. Бирок, Казакстандан баш тарткан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18