24.kg
18:16, 03 апреля 2020, 24.kg

Казакстанда 20 миңден ашуун окуучуга тапшырмаларды почточулар жеткирет

Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги Интернеттин жардамы менен аралыктан окууга мүмкүнчүлүгү жок алыскы айылдарга окуу материалдарын почточулар жеткирип берип турарын билдирди.

Казакстандын билим берүү жана илим министрлиги менен «Казпочта» компаниясы 3-апрелде кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Министрлик бул кызмат үчүн ата-энелерден акча алынбай турганын, тапшырма жазылган кагаздар бардык санитардык нормаларды сактоо менен жеткирилерин белгиледи.

Министрликтин маалыматына караганда, 20 минден ашуун окуучу мектеп жана Интернети жок калктуу конуштарда жашайт.

Казакстанда коронавирус коркунучунан улам мектеп окуучулары бир жума эрте, 16-мартта жазгы каникулга таратылган. Төртүнчү чейрек 6-апрелде башталат. Буга чейин ата-энелер алыскы аймактарда Интернеттин ылдамдыгы жай экенин, айрымдары түйүнгө кошулушпаганын билдиришкен.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18