24.kg
18:10, 03 апреля 2020, 24.kg

Токтогул районунун тургундарына 45 тонна ун жардам берилди

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундарына 45 тонна ун жардам иретинде таркатылды. Бул тууралуу райондун акими Таалай Жайылов билдирди.

Анын айтымында,  Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин атынан райондогу аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлдү. 

«Осмонбек Артыкбаев район элине биринчи жолу эле жардам берип жаткан жок. Азыр өлкө үчүн оор болуп турган учурда дагы ал жардам кылып 45 тонна ун берди. Аны аз камсыз болгондорго тараттык», — деди ал.

Андан сырткары «Неман-Фарм» компаниясы  460 миң сом болгон медициналык жабдууларды Токтогул аймактык ооруканасына, Кара-Көл жалпы тажрыйбалык дарыгерлер борборуна, Таш-Көмүр ооруканасына, Токтогулдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, Үч-керек менен Өзгөрүш жалпы тажрыйбалык дарыгерлер борборуна жеткирди. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18