24.kg
15:35, 03 апреля 2020, 24.kg

АКШ коронавирус менен күрөшүү үчүн Казакстанга 800 миң доллар берди

Кошмо Штаттар коронавируска каршы күрөшүү үчүн казак өкмөтүнө АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу 800 миң доллар бөлдү.

АКШнын Казакстандагы элчилиги кабарлагандай, бул каражат ири масшабдагы тестирлөө үчүн лабораториялык системаларды даярдоо, медициналык мекемелердеги инфекциялык кырдаалды көзөмөлдөө, дезинфекциялоо иштерине жумшалат.

Казакстанда 3-апрель түшкө чейин вирус жуктургандардын саны 448ге жетти. Акыркы төрт учур Түркстан, Караганды жана Түндүк Казакстан облустарында катталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18