24.kg
14:17, 03 апреля 2020, 24.kg

Вирусту жаңы жуктургандардын алтоо Бишкектин тургуну

Вирусту жаңы жуктургандардын алтоо Бишкектин тургуну. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 14 жаңы учурдун бешөө Жалал-Абад облусунан, экөө Жалал-Абад шаарынан, бирөө Чүй облусунан жана алтоо Бишкек шаарынан аныкталды.

Белгилей кетсек, бүгүн 14 адамдан вирус табылды.

Республика боюнча 1 миң 900 адам обсервацияда.

Бишкек шаарында — 403, Чүй облусунда — 173, Ош шаарында — 56, Ош облусунда — 263, Жалал-Абад облусунда — 189, Баткен облусунда — 584, Нарын облусунда — 108, Талас облусунда — 24 жана
Ысык-Көл облусунда — 100 адам жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18