24.kg
12:59, 03 апреля 2020, 24.kg

Бишкекте эмки аптада көзөмөл күчөйт. Комендант үйдөн чыкпоону суранат

Кыргызстанда коронавирусту алгач жуктургандардын инкубациялык мезгили аякташына байланыштуу Бишкек шаарында көзөмөл күчөйт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Шаар коменданты Алмазбек Орозалиевдин айтымында, жакынкы бир-эки күндө коронавирусун жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордо инкубациялык мезгили аяктайт.

«Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоого суранабыз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, оорунун биринчи белгисинин пайда болушуна чейин өтө турган убакыт — 14-21 күн, Кыргызстанда алгачкы учур 18-мартта катталган.

Ага байланыштуу карантиндик аймак кеӊейип, кыймылды чектөө жана адамдардын, унаалардын топтолушун болтурбоо үчүн базарлардын жана супермаркеттердин жанында санитардык-карантиндик посттор коюларын комендатурадан билдиришти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18