24.kg
12:37, 03 апреля 2020, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы жолго жол чырактар орнотулду

Кыргызстан менен Тажикстандын автоунаа жолдорунун кесилишине жол чырактар жана байкоо камералары орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Баткен районунун Жака-Өрүк участкасынан өткөн Баткен-Исфана автоунаа жолунун, Тажикстандын Исфара-Ворух автоунаа жолунун кесилишине 4 жол чырак коюлду.

Ал эми Баткен районунун Тажикстан республикасы менен чектеш Ак-Сай, Көк-Таш айылынын аймактарына видео көзөмөл үчүн камералар жайгаштырылды.

Белгилей кетсек буга чейин 2020-жылдын 14-январында кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк комиссиясынын жолугушуусу өткөн.
Бул жолугушууда тараптар чек ара аймактарындагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, айрым орун алган чыр чатактарга так, туура анализ жүргүзүү максатында, чыр чатак көп катталган эки өлкөнүн чектеш аймактарына жол чырактарды жана байкоо камераларын орнотууну макулдашып, протоколго кол коюшкан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18