24.kg
11:02, 03 апреля 2020, 24.kg

«Кыргыз почтасы» пенсия менен жөлөк пулду үйгө жеткирип берет

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери пенсия менен жөлөк пулдарды үйлөргө жеткирип берет. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматта COVID-19 алдын алуу жана болтурбоо максатында бардык унаалар жана имараттар дезинфекцияланды, почтальондорго атайын кийимдер, көп жолу колдонулуучу беткаптар, кол каптар жана антисептиктер берилегени айтылат.

Апрелде пенсия, жөлөк пулдар эрте жеткирилет.

«Почтальондор ар бир алуучуга соцтөлөмдөрдү үймө-үймө жеткиришет. Зарыл болсо, алар дем алыш кундөрү да иштөөгө даяр. Эске салсак, почта кызматы ошондой эле дары-дармектерди жана азык-түлүктөрдү жеткирүү кызматтарын да көрсөтүшөт», — дейт штаб.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18