10:11, 03 апреля 2020, 24.kg
Республикалык штаб: Дагы 5 адамдын анализинен коронавирус табылды
Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 5 учур катталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Бир суткада 14 жарандан коронавирус аныкталды.
Өлкөдө вирус жуктургандардын саны — 130, айыккандар — 5, каза болгондор — 1.
Белгилей кетсек, коронавирус биринчилерден болуп 18-мартта Сузак районунун 3 тургунунан ырасталган. Алар 13-мартта Сауд Арабиядан умрадан келишкен.
0