24.kg
09:54, 03 апреля 2020, 24.kg

Өкмөткө жардам. Коронавируска каршы күрөш эсебине 83,5 миллион сом топтолду

Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 83,5 миллион сом топтолду. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Акча каражаты мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин, жетекчилеринин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, саясатчылардын, ишкерлердин атынан топтолгон. Арасында бир айлык пенсиясын которгон инсандар дагы бар.

Эң аз акчаны белгисиз жаран телефон номери аркылуу 80 сом которсо, эң көбүн ишкер Азат Исакунов (10 миллион сом) берген.

Белгилей кетсек, калоочулар акчаны  Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган № 4402011000101373 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги – коронавирус боюнча иш-чаралар»(БИК 440001) администрацияланган эсебине жөнөтө алышат.

Акчаны Жогорку Кеңештин депутаттарынан, жарандык коом жана мамлекеттик кызматкерлерден түзүлгөн комиссия бөлүштүрөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18