24.kg
09:38, 03 апреля 2020, 24.kg

Өзбекстанда жарандар башка аймактарга тажия үчүн да бара албай калышты

Өзбекстанда жарандарга карантин учурунда жакын туугандары өлсө же катуу ооруп жатса да башка облустарга барууга тыюу салынды. Бул тууралуу Өзбекстан ИИМинин маалымат катчысы Шохрух Гиясов билдирди.

Анын айтымында, республикада киргизилген карантин чектөөлөрү эл аралык тажрыйбаларга жана талаптарга негизделген.

«Эреже баарына бирдей, атүгүл жакын туугандарынын өлүмү сыяктуу олуттуу учурларга да тиешелүү. Буга байланыштуу жарандар башка облуста туугандары, ал гана эмес ата-энеси өлсө да катыша албайт», — деди Шохрух Гиясов.

Ал ооруканадан чыккан өтө оор абалдагы бейтаптар гана туруктуу каттоодо турган жерине кайта аларын белгиледи. Бул үчүн паспорт, бейтаптын абалы жөнүндөгү дарыгердин тиешелүү бүтүмү жазылган маалымдама керек.

Шохрух Гиясов жарандарды карантиндин шарттарын сактоого чакырды.

Өзбекстанда коронавируска байланыштуу карантин 16-мартта жарыяланган. 27-мартта кишилердин көчөдө жүрүшүнө чектөө киргизилген. Жарандар тышка азык-түлүк, дары-дармек алуу үчүн гана чыга алышат.

3-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 190го жетти, 12 адам толугу менен айыкты, экөө көз жумду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18