24.kg
09:20, 03 апреля 2020, 24.kg

Кытай Кыргызстанга COVID-19 тез ыкчам аныктоочу 21 000 тест берди

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, Кытай өкмөтү Кыргызстанга коронавирусту ыкчам аныктоочу 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерин берди.

Бул медициналык каражаттарды Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго тапшырды.

Экспресс-тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирусту аныктайт. Илдетти аныктоодо реакция оң чыкса, милдеттүү түрдө ПЧР-анализ (Полимераздык чынжырдуу реакция) жүргүзүлөт. «Бул экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка мамлекеттерде коронавирусту аныктоодо жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн», деп айтылат штабдын маалыматында.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18