24.kg
10:06, 01 апреля 2020, 24.kg

Кыргызстанда коронавирусту жапырт текшерүү долбоору башталат

Кыргызстанда коронавирусту массалык түрдө текшериш үчүн атайын лаборатория иштей баштайт.

Маалыматка караганда, жеке менчик лабораториялардын биринде жакында өлкө жарандарын жапырт текшерүү башталат.

Долбоордун биринчи этабында 20 миң адамга массалык диагноз коюш үчүн 50 миң лабораториялык тест керектелет. Ал үчүн 578 миң АКШ долларын чогултуу зарыл. Ал эми экинчи этапта 40 миң адамды текшериш үчүн 1 млн. 381 миң АКШ долларын чогултуш керек.

Алгачкы акча каражатын ишкер Бабур Төлбаев бөлгөнү айтылат. Ал 84 миң 460 долларды керектүү жабдуу сатып алууга, 65 миң долларды вирусту аныктоочу тесттерди алыш үчүн которгон.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18