24.kg
09:46, 01 апреля 2020, 24.kg

Түптө үй карантинин сактабагандар обсервацияга жаткырылды

Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 тургуну милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 8 айыл тургуну үй карантиндин шарттарын бузган.

«Коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Нарында Пакистандан дааваттан келгендер дагы карантин тартибин сактабай жатышканы айтылган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18