24.kg
16:24, 31 марта 2020, 24.kg

Ташкентте карантин учурунда той өткөргөн кишиге кылмыш иши козголду

Ташкенттин Юнусабад районунда карантинге карабастан кыз узатуу тоюн өткөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, шаардын 55 жаштагы тургуну өткөргөн тойго достору жана кудалары катышкан. Ал «Санитардык мыйзамдарды же эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу» беренеси боюнча айыпталууда.

Бул беренеге ылайык, кылмыштын оордугуна жараша 50дөн 100гө чейинки базалык эсептик көрсөткүч (1150-2300 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөтүү, же бир жылдан үч жылга чейин эркиндигин чектөө, же беш жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Бул — Ташкентте коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин маалында үйлөнүү үлпөт өткөргөн экинчи учур

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18