24.kg
15:12, 31 марта 2020, 24.kg

Орусия COVID-19 вирусун аныктоо үчүн жаңы тест иштеп чыкканын билдирди

Орусиянын «Роспотребнадзор» мекемесинин Эпидемиология боюнча илим-изилдөө институту COVID-19 инфекциясын аныктоочу жаңы тест иштеп чыкты. Ал клиникалык сыноодон кийин Орусияда колдонуу үчүн каттоодон өттү.

«Роспотребнадзордун» басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы тест коронавирусту гана аныктабастан, аны пневмония оорусун козгогон бул сыяктуу башка вирустардан ажырата алат.

«Жаңы тест «АмплиСенс Cov-Bat-FL» деген аталышка ээ болду. Ал адамдагы башка коронавирус үлгүлөрүнө туура реакция кылып, илдетти так аныктайт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Бүгүнкү күндө Орусиянын 71 аймагында 1836 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Өлкө боюнча жалпысынан бул илдеттен 11 киши каза болду. Москвада вирус жуктуруп алгандардын саны 1200дөн ашып, жети киши өлдү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18