24.kg
13:38, 31 марта 2020, 24.kg

Сандар. Коронавирус жайылган аймактардын катарына Ысык-Көл кошулду

30-31-апрелде вирус жуктургандардын төртөө сырттан келгендер, калган 19у чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Белгилей кетсек, саламактыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө ички жуктуруу башталганын айткан.

Коронавирустук инфекцияга кабылгандардын арасында 14 жашка чейинки 4 бала бар. 15 учур 5 үй-бүлөлүк очокто жаралган.

Учурда обсервацияга 1 миң 592 адам жайгаштырылды. 3 миң 870 адам үйдөн байкоого чыгарылды.

Өлкөдө 5 миң 771 адам вирусу такталган адамдар менен байланышта болгон. Алардын 1 мин 561 I категориядагы, же жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштагылар, 4 миң 210у II категориядагылар.

Photo 160345

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18