24.kg
12:09, 31 марта 2020, 24.kg

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандарын саны 107ге жетти

31-мартка карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министлиги маалымдады.

Бардыгы болуп өлкө боюнча 107 адам коронавирус инфекциясын жуктурду.

Бишкек шаарында — 1, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусу — 2, Чүй облусу — 1, Ош облусу — 5, Жалал-Абад облусу — 1.

Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

Белгилей кетсек, кечээ Сузакта алгач болуп вирус аныкталгандар айыгып үйлөрүнө чыгарылды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18