24.kg
09:19, 31 марта 2020, 24.kg

Өзбекстан Орусиядагы мекендештерди алып келүү үчүн авиакаттам уюштурбайт

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиядагы өзбек мигранттарын мекенине жеткирүү үчүн чартердик каттамдарды уюштурбагынын билдирди.

«Социалдык түйүндөрдө Орусиядагы өзбекстандыктарды чарткердик каттам менен алып келүү пландалып жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатат. Мекендештерди алдамчылардын жалган маалыматтарына ишенбөөгө чакырабыз. 30-марттан 20-апрелге чейин Өзбекстандагы бардык аэропорттор жабылган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

16-мартта коронавируска байланыштуу Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы темир жол байланышы убактылуу токтотулган. 18-мартта Орусия аэропортторундагы каттамдар токтоп калгандан кийин миңдеген өзбекстандык мекенине кете албай калышканы кабарланган.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 149га жетти. Алардын ичинен эки бейтап каза болсо, жети киши сакайып, реабилитациялык борборлорго которулган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18