24.kg
08:56, 31 марта 2020, 24.kg

Казакстанда коронавирустан каза болгон аялдын өлүмүнөн кийин дарыгер жазаланды

Казакстанда коронавирустан улам каза болгон алгачкы адамдын өлүмүнөн кийин Акмоло облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы менен жергиликтүү тез жардам кызматынын башкы дарыгери тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу 30-мартта өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдирди.

Буга чейин каза болгон 64 жаштагы аялдын уулу апасынын өлүмүнө дарыгерлерди айыптап, видеокайрылуу жасаган. Анын айтымында, дарыгерлер апасынын оору белгилерине карабастан, бир нече жолу аны ооруканага алып кетүүдөн баш тартышкан.

Видео социалдык түйүндөргө жарыялангандан кийин облустук саламаттык сактоо башкармалыгында кызматтык иликтөө башталган. Жыйынтыгында чакыруу менен бейтаптын үйүнө барган дарыгерлер аны ооруканага алып кетүүдөн баш тартышканы аныкталган. Аткаминерлердин айтымында, дарыгерлер бейтап суук тийип ооруп калган деген жыйынтыкка келишкен.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 300дөн ашты.​

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18