24.kg
18:30, 30 марта 2020, 24.kg

Талас облусу аймагын жапты. Бүгүндөн баштап регионго эч ким киргизилбейт

Талас облусу коопсуздук чараларын күчөттү. Бул тууралуу өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-марттан тарта Талас облусуна эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт.

«Облуска сырттан бир гана Талас облусунда жашаган жарандар текшерүү иш чараларын жүргүзгөндөн кийин киргизилет. Мындай чечим коронавирусту алдын алуу жана элдин суроо-талабын аткаруу, ошондой эле телеграм каналынан атайын топ түзүп Бишкек шаарына каттап жаткан айдоочуларын иш аракеттерине бөгөт коюу максатында кабыл алынганын айтты». — деп айтылат.

Облуска азык-түлүк, гуманитардык жардам гана киргизилет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18