24.kg
16:14, 30 марта 2020, 24.kg

Өзгөчө абал. Өкмөттүн жардамын кимдер алары айтылды

Өкмөт коронавируска байланыштуу жардам ала турган жарандардын тизмесин бекитти. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, өкмөт керектүү болгон азыктар менен камсыздап турат. Жардам кырдаалга карата бир нече жолу берилет. 

«Калктын аялуу катмарларынын тизмеси түзүлгөн, булар  калктын аярлуу катмары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, күн сайын киреше алуунун негизинде үй-бүлөнү камсыздап, колдоого муктаж болгон таксисттер, куруучулар, Бишкектеги базарларда араба айдап нан тапкандар. Учурда жеке ишкерлер жана мамлекет аркылуу жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгууда», — деди биринчи вице — премьер-министр.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18