24.kg
10:01, 30 марта 2020, 24.kg

Өзгөчө абал мезгилинде журналисттердин да кыймылы чектелди

Бишкек шаардык комендантурасы журналисттерге аккредитация берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу комендант Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, журналисттердин коопсузудугу үчүн алардын шаар ичиндеги кыймылын чектөө чечими кабыл алынды.

«Аралыктан туруп эле иштесеңиздер болот. Башка чет өлкөлөрдө да ушундай практика каралууда. Журналисттердин толук иштеши үчүн онлайн-бирифингдер, онлайн-маалымат жыйындары өтүп турат. Сиздердин ден соолукту да ойлоп, аккредитация бербөөнү чечтик. Туура түшүнөт деп ойлойбуз», — деди Алмазбек Орозалиев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18