24.kg
15:22, 29 марта 2020, 24.kg

Кыргызстанга Россиядан 400дөй мигрант учуп келди

Кыргызстанга Россиядан 400дөй мигрант учуп келди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, Москва-Бишкек атайын каттамына 400дөй киши батып, 50дөй мигрант калып калды.

«4-5 күндөн бери аэропортто түнөгөн мекендештер президент Сооронбай Жээнбековдун кийлигишүүсү менен атайын рейс уюштурулуп, элчиликтин жардамы менен учуп кетишти. 50дөй кыргыз батпай калды. Биз аларды жатаканаларга алып барабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, Россия бүгүн баардык өлкөлөр менен авиабайланышын жапты. Бирок, коронавирустун жайылышына байланыштуу жумушсуз калган мигранттар дагы эле Кыргызстанга кайтып келүү аракетин көрүүдө. Бүгүн Новосибирск аэропортунда бир нече күндөн бери учак күткөндөр ачкалык жарыялашты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18