24.kg
09:45, 29 марта 2020, 24.kg

Өзгөчө абал тартибиндеги уруксат кагаздарын берүү электрондоштурат

Өзгөчө абал тартибиндеги уруксат кагаздары электрондук форматта берилип баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендантты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, уруксат кагаздарын алуу үчүн эми шаардык комендатурага топтолуунун зарылдыгы жок.

«1-2 күндүн ичинде өзгөчө абал учурунда берилүүчү өткөрмөлөрдү электрондук түрдө берип баштайбыз. Биз форсмажор шартында иштеп жатабыз, жарандар бизди түшүнүшөт деп ойлойм. Ошондуктан, бул жагдайды оңдойбуз», — дейт Алмазбек Орозалиев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18