24.kg
09:15, 29 марта 2020, 24.kg

Окурман үй-бүлө. Билим берүү министрлиги балдар менен китеп окууга чакырат

Билим берүү жана илим министрлиги «Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең» деген акция жарыялады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Министрлик китептердин тизмесин сунуштайт.

«Ушул тизмедеги же өзүңүз каалаган башка китептерди күн сайын балдарыңыз менен бирге окуп, талкуулайсыздар. Балдарыңыздын алган таасирлерин, сиз менен бөлүшкөн ойлорун фейсбугуңузга #үйдө_китеп_окуйбуз хештеги менен кыска пост кылып жарыялашыңыз керек. Андан кийин эстафета сыяктуу беш адамга өткөрүп бериңиз. Саамалыкка активдүү катышкан үй-бүлөлөргө сыйлыктар жана министрликтин «Окурман үй-бүлө» номинациялары берилет», — дейт министрлик.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18