24.kg
13:30, 27 марта 2020, 24.kg

«Grand Princess» круиздик кемесиндеги эки кыргыз жараны үйлөрүнө чыгарылды

«Grand Princess» круиздик кемесиндеги эки кыргыз жараны үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

Алардын айтымында, АКШнын Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган «Grand Princess» круиздик кеменин бортунда жүргөн Кыргызстандын эки жаранынын анализдери таза чыкты.

«Айтылып кеткен кеме карантинге кармалгандан кийин, жүргүнчүлөр карантинди ары өтүү үчүн АКШнын Джорджия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлгөн болчу. Бир нече өткөрүлгөн тесттердин натыйжасында, карантиндик борборунун медициналык кызматкерлери кыргыз жарандарында коронавирус оорусу жок экендигин ырастады. 26-мартында Кыргызстандын эки жараны карантиндик борбордо карантинди сак-саламат өтүп үйлөрүнө кетти», — дейт ТИМ.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18