24.kg
08:29, 27 марта 2020, 24.kg

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдар үчүн ооруканалар курулууда

Өзбекстан коронавирус жуктуруп алган жарандарды дарылоо жана карантинге жаткыруу үчүн шашылыш түрдө медициналык жайларды курууда. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жаңы имараттар Ташкентте жана өлкөнүн төрт облусунда курулат.

«Ташкентте заманбап үч медициналык мекеме курулуп жатат. Алар жакынкы айларда алгачкы бейтаптарды кабыл алышат. Ошондой эле Ташкенттеги Стоматологиялык институттун жаңы имараты 250 орунга ылайыкташтырылып жасалат. Ал май айында пайдаланууга берилет», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары карантиндик жай куруу үчүн Ташкент облусундагы Юкоричирчик районунан 55 гектар жер бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Зангиата районунда 27 гектар жерге 10 000 адамга ылайыкташкан оорукананын курулушу башталды. Мындай медициналык жайлар өлкөнүн Анжиян, Навои жана Сурхандарыя облустарында да курулат.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 75 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Мындан тышкары дагы 20 миң киши карантинге алынган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18